Түрк фрегаты Катарда

«TCG Гөкова»фрегаты Катардын борбор шаары Доханын түштүк – чыгышындагы Хамед портуна барды.

781603
Түрк фрегаты Катарда

Түрк деңиз флотунун командирлигине караштуу «TCG Гөкова»фрегаты Катардын борбор шаары Доханын түштүк – чыгышындагы Хамед портуна барды.

Катар коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта түрк деңиз флотунун командирлигине караштуу «TCG Гөкова» фрегатынын эки өлкө ортоктошо өткөргөн деңиз машыгууларына катышуу үчүн 214 кишиден турган аскердик бөлүк менен Катарга баргандыгы белгиленди.

Түрк - Катар деңиз флотунун ортосунда өткөрүлүшү пландалган машыгуулардын Хамед порту, Доха аба базасы жана Катар сууларында ишке ашары белгиленген маалыматта : «Бул машыгуулар ашыкчалык жана террор менен күрөшүү үчүн Катар менен Түркиянын ортосундагы аскердик кызмтаташтыктын алкагында жүргүзүлүүдө»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар