Президент Эрдоган Месжид - и Аксаны зыярат кылууга чакырды

Президент орус S – 400 ракета системасынын жакында Түркияга келерин да билдирди.

777461
Президент Эрдоган Месжид  - и Аксаны зыярат кылууга чакырды

Президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Р. Т. Эрдоган бардык мусулмандарды Месжид  - и Аксаны зыярат кылууга чакырды. Эрдоган : «Бул жерден бардык мусулмандарга чакыруум ал жерлерди зыярат кылышсын. Бара алышпаса жардам жиберишсин»,- деди.

Эрдоган партиясынын Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөдү. Президент Эрдоган сөзүндө Израиль аскерлеринин бүгүн жөнөкөй эле окуяларды шылтоолоп Месжид  - и Аксанын короолорун кирдетүүсүнүн себебинин мусулмандардын Иерусалимге жетеринче ээ чыкпашы экендигин белгилеп : «Ырас жүрөгүбүздүн жарымы Мекке болгон болсо, жарымы да Мадина, үстүндө да бир перде сыяктуу Иерусалим бар. Келгиле баарыбыз бирдикте Иерусалимге ээ чыгалы»,- деди.

Азыркы учурда аймакта жасалгандардын Месжид  -  и Аксаны мусулмандардын колунан алуу экендигин белгилеген Эрдоган Месжид  - и Аксанын төрт тарабында каршы чыгууга аракет кылган палестиналык жана башка мусулмандарын бутунда тургандыгын баса белгиледи. Сөзүндө батыш дүйнөсүн да сынга алган президент Эрдоган Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согушунда тарыхтын аесуз жана кандуу кыргынын кылгандардын Түркияга адамзаттык сабагын бере албай тургандыгын айтты.

Эрдоган : «Батыштыктардын каалоосу Түркия алар эмне десе, эмне кааласа, эмне талап кылса сурабастан орундатсын. Бизге берилген убадалар тебеленсе да үнүбүздү чыгаруубузду каалашпайт.  Алар биздин жарандарыбызды эзип, агенттери өлкөбүздө ээн эркин  жүрүшсүн, биз эч нерсе кылбайлы. Эч капа болушпасын андай Түркия жок»,- деди. «Кылганыңардын жообун аласыңар»,- деген Эрдоган : «Изденүүлөрүн жакындан иликтеп жатабыз. Убактысы келгенде баарынын агенттерин кармоону улантабыз»,- деди.

Президент орус S – 400 ракета системасынын жакында Түркияга келерин да билдирди.



Тектеш кабарлар