Эрдоган король Салман менен жолукту

Эрдоган, Булуң өлкөлөрүнө сапарынын алгачкы аялдамасы Сауд Арабияда король Салман бин Абдүлазиз менен жолукту.

776026
Эрдоган король Салман менен жолукту

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Перс булуңу өлкөлөрүнө сапарынын алгачкы аялдамасы Сауд Арабияда король Салман бин Абдүлазиз менен жолукту.

Эки лидер Жидде шаарындагы Салам сарайында түштөнүшкөндөн кийин жабык эшик артында өткөн делегациялар аралык жолугушууга өттү.

Эрдоган, андан соң Сауд Арабиянын мураскор принци Мухаммед бин Салманды кабыл алды.

Жолугушууларынан кийин Эрдоган, Жиддедеги Эл аралык «Король Абдүлазиз» атындагы аэропорттун королдук терминалынан Кувейтке аттанды.



Тектеш кабарлар