Түркия менен Орусиянын ракеталык коргонуу системасы боюнча сүйлөшүүлөрү

Түркия Орусиядан кайсы куралдарды алат?

773111
Түркия менен Орусиянын ракеталык коргонуу системасы боюнча сүйлөшүүлөрү

Улуттук коргоо министри Фикри Ышык, Түркиянын Орусия менен сүйлөшүүлөрүн уланткан С-400 абадан коргонуу ракеталык системасы боюнча кол коюу баскычына жеткенин айтты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынында бир топ журналисттин суроолоруна жооп берген улуттук коргоо министри Фикри Ышык: «С-400 темасы акыркы чекитке келди. Мындайча айтканда сүйлөшүүлөр оң жыйынтыкталганы турат. Бирок бул иштерде акыркы кол коюлбастан баары бүттү деп айтууга болбойт. Оң жердебиз. Акыркы баскычтабыз. Ушул тапта бир маселе жок»,-деди.

Ышык, «Белгилүү бир күн барбы?»деген суроого, «Учурда кол коюла электе күн бере турган болсок биз да жаман абалда калабыз, сиз дагы коомдук пикирди жаңылтып алууңуз мүмкүн. Азыр андайга барбай эле коелу»,-деди.


Этикеткалар: #Түркиянын , #Орусия , #С-400

Тектеш кабарлар