Түркия саламаттык сактоо туризминде үчүнчү орунда

Клеткалар жана онкологиялык ооруларды дарылоодо дүйнөнүн эң ийгиликтүү хирургдары Түркияда.

772359
Түркия саламаттык сактоо туризминде үчүнчү орунда

Түркия саламаттык сактоо туризминде эң көп тандалган үч өлкөнүн арасында орун алды. Себеби өзгөчө клеткалар жана онкологиялык ооруларды дарылоодо дүйнөнүн эң ийгиликтүү хирургдары Түркияда.

Түркия 200гө жакын пластикалык хирургия менен дүйнөдө 9 -  орунда турат. Араларында акыркы технологияга ээ болгон ооруканалар да болгон 2000 саламаттык сактоо мекемесинен 54тү JCI (Joint Commission International) тарабынан бекитилген.  Бул дүйнөлүк машстабда бул акредитацияга ээ болгон 58 өлкөнүн арасында 21 пайыздык катнашта. Саламаттык сактоо туризминдеги ийгилигинде  сапаттуу кызмат менен бирге төлөмдөрдүн да ылайыктуу баада болушу таасирдүү болууда. Bypass Түркияда 8 миң 500 - 21 миң доллардын арасында болгон болсо,  Европада 39 – 43  миң доллар.

Чач эктирүү Түркияда 1000 – 3 миң доллар болсо Европада 10 миң евро, АКШда 30 миң долларга жакын.

Саламаттык сактоо туризминен келе турган киреше 2017 – 2018 -  жылдары 9 – 10 миллиард доллар, 2023 – жылы болсо 20 – 25 миллиард доллар деп белгиленди. Өткөн жылы Түркияга эң көп чет элдик оорулуу август айында келди.

Чет элдик орулуулар эң көп тандаган шаарлардын тезмесинде болсо эң башта Стамбул турат. Андан кийин борбор шаар Анкара, Анталья, Измир жана Мугла келүүдө.

 



Тектеш кабарлар