Бир жактуу кадамдарга каршы биздин да таштай турган кадамдарыбыз болот

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, расмий сапар менен барган Гамбияда маалымат жыйын өткөрдү.

770108
Бир жактуу кадамдарга каршы биздин да таштай турган кадамдарыбыз болот

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Кипрдин Рум бөлүгүнүн Жер Ортолук деңиздеги бургулоо иштерин сындап: «Бул бир жактуу кадамдарга каршы биздин да таштай турган кадамдарыбыз болот»,-деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, расмий сапар менен барган Гамбияда кесиптеши Оусаиноу Дарбое менен жолугушуусунан кийинки маалымат жыйынында Швейцарияда өткөн айда өткөн жана майнап чыкпаган «Кипр сүйлөшүүлөрүнө» токтолуп, Рум тарабын «чынчыл болбогону» менен күнөөлөдү.

Кипрдин Рум бөлүгүнүн тынчтык сүйлөшүүлөрү уланып жатканда дагы Жер Ортолук деңизде бургулоо иш-чараларын улантканын эске салган Чавушоглу: «Биз Кипрде чечим табыш үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда Рум Бөлүгүнүн бургулоо иштери үчүн кемени аймакка алып келгенин көрдүк. Бул Рум тарабынын чечим табуу темасында чынчыл болбогонунун белгиси. Румдардын бир жактуу иштерине кайдыгер кала албайбыз.ү Энергетика министрлиги менен чогуу таштала турган кадамдар темасында кызматташуудабыз. Бул бир жактуу кадамдарга каршы биздин да таштай турган кадамдарыбыз болот»,-деп айтты.

Чавушоглу: «Кипрдин айланасындагы резервдерде Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) да укугу бар. Бирок рум тарабы буга карабастан бир жактуу иштерди жүргүзүп жатат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар