Президент Эрдоган ББСи менен маектешти
«Эгерде Европа Биримдиги мүчөлүктү кабыл албай тургандыгын айтса Түркия эс салат»
![Президент Эрдоган ББСи менен маектешти](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7dc5/40b2/10e0/595ca6f1d8f00.jpg?time=1718734254)
Президент Р. Т. Эрдоган Европа Биримдигинин Түркиянын убактысын алгандыгын айтып : «Эгерде Европа Биримдиги мүчөлүктү кабыл албай тургандыгын айтса Түркия эс салат»,- деди.
Президент Эрдоган англис басма сөзү ББСиге маек берди. Эрдоган Түркиянын өз бутуна тура аларын айтып : «Биз айткандарыбызды аткардык. Эгерде Европа Биримдиги Түркияны кабыл албай тургандыгын айта турган болсо биз үчүн оңой болот. Б жана Ж планыбызды баштайбыз»,- деди.
Премьер - министрлигинин биринчи мезгилинде Түркиянын Европа Биримдиги лидерлеринин саммитинде үнсүз төңкөрүш өткөргөн өлкө катары аныкталгандыгын айткан Эрдоган : «Эми ошол эле Европа Биримдиги бир гана бизди лидерлер саммитине чакыруу менен эле калбастан убактыбызды да алып жатат. Азыркы учурда абал бул»,- деди. Маектешүүдө Эрдоган : «Булардын баарына карабастан биз кыска убакыт дагы Европа Биримдиги менен жакын болууну улантабыз. Мунун бизге эмне алып келерин көрөбүз»,- деди.