Президент Эрдоган менен премьер - министр Бинали Йылдырым шейиттикти зыярат кылышты

15 -  июлдагы козголоң кыймылынын биринчи жылы жакындап, 249 шейит эскерилүүдө.

768797
Президент Эрдоган менен премьер  - министр Бинали Йылдырым шейиттикти зыярат кылышты

Фетуллахчы террордук уюм жана параллель мамлекеттик түзүмүнүн 15 -  июлдагы козголоң кыймылынын биринчи жылы жакындап, 249 шейит эскерилүүдө.

Ушул алкакта президент Р. Т. Эрдоган менен премьер  - министр Бинали Йылдырым Эдирнекапыдагы 15 -  июль шейиттигине барды.

Шейиттикке биринчи болуп премьер  - министр келди. Бул жерде жарандарга салам берген Йылдырым андан кийин президент Р. Т. Эрдоганды тосуп алды. Тосуп алууга үй  - бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Саян Кая, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын төрага орун басарлары Махир Үнал менен Хаяти Языжы, Стамбул губернатору Васип Шахин, 1 -  армиянын командири, армиянын генералы Муса Авсевер, Стамбул мэри Кадир Топбаш да катышты.

Президент Эрдоган, премьер – министр Йылдырым менен коштоосундагылар андан кийин шейиттикке барышты.

Шейиттикке келген көп сандаган жаран да : «Шейиттер өлбөйт, мекен бөлүнбөйт»,- деген ураандар менен жүрүштү.

 



Тектеш кабарлар