Энергетиканын Жибек жолу-Түркия

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Стамбулдагы Конгресс борборунда өткөн Дүйнөлүк мунай зат конгрессинде сөз сүйлөдү.

768104
Энергетиканын Жибек жолу-Түркия

Президент Режеп Таййип Эрдоган, энергетика адистеринин Түркияны «Энергетиканын Жибек жолу» деп атагандарын айтты.

Президент Эрдоган, Стамбулдагы Конгресс борборунда өткөн Дүйнөлүк мунай зат конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө акыркы 1-1,5 кылымдан бери күчтүү өлкө болуунун жолунунун энергия булактарына ээ болуудан же булактардын үстүндө сөз ээси болуудан өткөнүн белгилеп: «Булар менен катар дүйнөлүк кагылышуулардын чок ортосунда орун алган энергия булактары жана жолдорунда үстөмдүгүн кылуу аракеттеринин көпчүлүк убакта ички кагылышуулар, төңкөрүштөр жана басып алуулар менен жыйынтыкталганын көрүүдөбүз. Ошол аймактарда байлыктын жана өнүгүүнүн булагы болушу керек болгон мунай зат жана жаратылыш газды тилекке каршы дагы көп согуш, кан жана көз жашы менен бирге эскерүүгө аргасыз болдук. Биз Түркия катары эң башынан бери, бул булактардын адамзаттын тынчтык жана өнүгүүсүнө салым кошо тургандай түрдө колдонулушу керектигин жактоодобуз»,-деп айтты.

Бул иштердин алкагында цивилизациялардын кездешүүчү жери болгон Түркиянын эми энергетика адистери тарабынан «Энергетиканын Жибек жолу» катары аталганын белгилеген Эрдоган: «Өлкөбүз ээ болгон мүмкүнчүлүктөрү менен энергиянын кулатуу, чыңалуу жана араздашуу эмес, тынчтык жана өнүгүүнүн булагына айланышы үчүн аракет кылуудабыз»,-деди.

Президент Эрдоган: «Түркиядагы өсүүнүн туруктуулугу үчүн энергия тармагында тышка көз карандылыктын азайтылышы жана жергиликтүү булактардын эң жогорку деңгээлде колдонулушу керек. Алдыбыздагы 10 жылдын ичинде эки эсе арта турган энергетика талабын камсыздай алуунун жолу 2023-жылга дейре кошумча 50 миң мегаватт курулган кошумча кубаттуулукту системага кошуубуздан өтөт. Бул талаптын камсыздалышы үчүн 6 негизги теманын астында саясаттарды өнүктүрүүдөбүз»,-деп айтты.

Эрдоган: «Атомдук энергия темасында да инвестицияларыбызды ылдамдата баштадык. Аккую жана Синоп атомдук кубаттуулук станцияларынын процесске кириши менен энергетика муктаждыгыбыздын эң аз 10 пайыздык тилимин бул жерден камсыздайбыз. Орусия менен биргелеше жүргүзгөн Аккую долбоорун улуттук капиталыбызды да кошуп дагы да күчтөндүрдүк. Синоп долбоорунда да курулушту эң жакынкы убакта баштайбыз. Акыркы Чоң жыйырмалыктын жыйналышында Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен муну кеңири сүйлөштүк. Ал эмес үчүнчү атомдук кубаттуулук станциясынын долбоору тууралуу иштерибизди эмитеден баштаткан болобуз»,-деди.

«Камсыздоо коопсуздугуна туруктуу чечим табууну алып келүү максаты менен жылдык жаратылыш газ талаптоосунун эң аз 20 пайызын топтогудай система куруп жатабыз»,-деген маалыматты берген Эрдоган: «Жаңы мезгилде ишке ашыра турган эң көздү кызыктырган жаңылыктардан бири да энергетика технологияларынын өндүрүлүшүндө жергиликтүүлүк катнашын арттыруу болот. Түркияны бул тармакта жогорку кошумча нарктуу технологиялар өндүрүлгөн энергетика базасы абалына айландурууда чечкиндүүбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар