Р. Т. Эрдоган менен В. Путин 7 - 8 - июлда боло турган чоң жыйырмалар саммитинде жолугушат

Жолугушууда Түрк агымы жаратылыш газ түтүк жолу жана Аккую атомдук күч станциясы проектилери каралат.

763998
Р. Т. Эрдоган менен В. Путин 7 - 8 - июлда боло турган чоң жыйырмалар саммитинде жолугушат

Президент Р. Т. Эрдоган менен Орусиянын президенти В. Путин чоң жыйырмалар саммитинин негизинде өткөрүлө турган жолугушууда Түрк агымы жаратылыш газ түтүк жолу жана Аккую атомдук күч станциясы проектилерин карап чыгат.

Кремлдин тышкы саясаттар боюнча кеңешичиси Юрий Ушаков журналисттерге берген маалыматында 7 – 8 -июлда Германиянын Гамбург шаарында өткө турган чоң жыйырмалардын кезектеги саммитинде Эрдоган менен Путиндин эки өлкөнүн ортосундагы энергетика проектилерин карап чыгышарын айтты.

Курулушу улантылып жаткан Түрк агымы жаратылыш газ түтүк жолу жана Аккуюу атомдук күч станциясы проектилеринде келинген акыркы абалдын караларын айткан Ушаков : «Эки проектиде да өзгөчө акыркы мезгилде маанилүү катнашта алдыга жылуу болду»,- деди.

Түркиянын алгачкы атомдук күч станциясы Аккуюуга байланыштуу биринчи келишим 2010 -жылы Орусия менен түзүлгөн.

Аккуюуда курула турган станция 4 миң 800 мегаваттык күчкө ээ 4 реактордон турат.

20 миллиард долларга жакын жумшала турган станциянын биринчи бөлүгүнүн 2023 -жылга чейин ишке кириши күтүлүүдө.

Стамбулда октябрь айында кол коюлган Түрк агымы келишими менен ар бири жылда 15, 75 миллиард метр кубдук көлөмгө ээ эки жаратылыш газ түтүк жолунун курулушу пландалууда.

Президенттик булактар Эрдоган менен Путиндин эки күн мурунку телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Гамбургда өткөрүлө турган чоң жыйырмалар саммиттинде бетме – бет жолугушуу тууралуу макулдашкандары белгиленди.

 



Тектеш кабарлар