Президент Эрдоган менен Мэй телефон аркылуу суйлөштү

Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым – катнаштар менен бирге аймактык маселелердин негизинде Кипр конференциясынын жүрүшүнө байланыштуу пикирлер билдирилди.

763983
Президент Эрдоган менен Мэй телефон аркылуу суйлөштү

Президент Р. Т. Эрдоган Британиянын премьер – министри Тереза Мэй менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин булактарынан алынган маалыматка караганда сүйлөшүүдө эки тараптуу карым – катнаштар менен бирге аймактык маселелердин негизинде Кипр конференциясынын жүрүшүнө байланыштуу пикирлерин билдиришти.

Эрдоган менен Мэй Кипр сүйлөшүүлөрүндөгү тоскоолдуктарды ашып өтүп, эки тарап үчүн да адилеттүү чечүүчү жолго жетүүнүн маанилүү экендигин баса белгиледи.

Экономикалык карым – катнаштар менен коргоо өнөр жайы башта болуп эки тараптуу карым – катнаштарды өнүктүрүү чечкиндүүлүктөрүн белгилеген эки лидер террордун бардык түрү менен күрөшүү тууралуу кызматташтыкты дагы да күчтөндүрүшөрүнбилдиришти.

Эрдоган Мэй менен 7 – 8-июль күнү боло турган чоң жыйырмалар саммитинде Гамбургда жолугушуулары мүмкүн экендигин да айтты.

Бириккен Королдуктун премьер – министри Мэй сүйлөшүүдө террордук уюмдун акыркы күндөрдө Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын облустук төрага орун басарларына карата кол салуусун айыптады жана Эрдоганга көңүл айтты.



Тектеш кабарлар