Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын немис саясатчыларына каршы билдирүүсүн жарыялады

Ибрахим Калын кээ бир немис саясатчыларынын провакациялык жана ниети жаман сөздөрүнүн кабыл алынгыс экендигин белгиледи.

761806
Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын немис саясатчыларына каршы билдирүүсүн жарыялады

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын немис саясатчыларынын президент Р. Т. Эрдоган тууралуу сөздөрүнүн Европадагы кош стандарттардын так көрсөткүчү экендигин айтты.

Ибрахим Калын бул тууралуу жазуу түрүндөгү маалыматында президент Эрдогандын чоң жыйырмалардын лидерлер саммитине катышуу үчүн Германиянын Гамбург шаарына жасай турган сапарынан мурда кээ бир немис саясатчыларынын провакациялык жана ниети жаман сөздөрүнүн кабыл алынгыс экендигин да белгиледи.

Ибрахим Калын маалыматында : «Демократия, адам укуктары жана эркиндиктер тууралуу Түркияга сабак берүүгө аракет кылгандардын террордук уюмдарга, козголоңчуларга жана мыйзамды бузгандарга кучак ачкан, урматтуу президентибиздин жарандары менен жолугушуусуна тоскоол болууга аракет кылуулары Европада болуп жаткан кош стандарттардын так бир көрсөткүчү»,- деди.

Демократияга ишенгендигин айткан бул кишилердин түрк демократиясын жок кылууну колдогондун ордуна мамлекеттин жана элдин жанында болушун күтүшкөндөрүн баса белгилеген Калын : «Европа менен карым – катнаштарыбызда бардык терстиктерге карабастан оң кыймыл кылган урматтуу президентибиздин өлкө тышында жашаган жарандарыбыз менен жолугушуусуна болбогон себептер менен тоскоолдук  кылууга аракет кылынышы достук жана союздаштык карым – катнаштары менен дал келбейт. Немис мекемелеринин элдик добуш берүү процессинде кетирген маанилүү жаңылыштыктар кайталанбайт деп ойлойбуз, жүздөгөн жылга таянган түрк  - немис карым – катнаштарынын кыска мөөнөттүү шайлоо процессинин курмандыгы болбошу керектигин дагы бир жолу эске салабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар