Түркия Афганстанда болгон кол салууну айыптады

Түркия Афганстандын Гельманд аймагында бир банкка карата жасалган террордук кол салууну айыптады.

758366
Түркия Афганстанда болгон кол салууну айыптады

Түркия Афганстандын Гельманд аймагында бир банкка карата жасалган террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Гельманд аймагынын борбору Лешкергахта жасалган бомбалуу террордук кол салууда көп сандаган кишинин каза болушунан жана жараланышынан санааркоо билдирилди.

Маалыматта : «Ыйык рамазан айында жасалган бул кол салууну айыптайбыз жана каза болгондордун жакындарына, афган калкына көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз. Түркия терроризм менен күрөштө дос жана бир тууган Афганстан калкы менен өкмөтүнүн жанында орун алууну улантат»,- деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар