Террор менен күрөшүүнүн бир жумалык баллансы

Бир жумада ПКК жикчил террордук уюмга мүчө 53 террорист өлтүрүлдү.

758318
Террор менен күрөшүүнүн бир жумалык баллансы

Бир жумада ПКК жикчил террордук уюмга мүчө 53 террорист өлтүрүлдү. Шырнак, Хаккари, Диярбакыр, Бингөл, Элазыг жана Сииртте жүргүзүлгөн операцияларда өлтүрүлгөн террористтерден үчөөсү лидер кадрында орун алууда. Операцияларда көп сандаган курал жана ок – дары менен жарылуучу заттар да колго түшүрүлдү. Террористтер тарабынан колдонулган 58 баш калкалоочу жер, үңкүр жана ок – дары сактоочу жер жардырылды.

Террордук уюмдун эң негизги каржылоо булактарынан банги зат өндүрүү менен күрөшүү боюнча операциялар жана чек арада көрүлгөн чаралардын акырында көп сандаган банги зат колго түшүрүлдү. 7 миң 400 литр күйүүчү май менен 34 миң 480 пакет тамеки конфискацияланды. Мыйзам тышы жолдор менен өтүүгө аракет кылган 7 миң 851 киши кармалды.  

Акыркы жылдардын эң чоң соккусу урулган жана лидерлеринин көпчүлүгүн жоготкон ПКК акыркы жылдарда абдан кыйын абалга түштү.

Сириянын түндүгүндө жүргүзүлгөн операцияда да Азез жана Жараблустун ортосундагы 243 маала менен 2 миң 15 километр квадраттык аянт текшерүү астына алынды.

Ел Баб райондук борбор менен бирге Каббасин жана Бзагах аймактарында жарылуучу заттар жана мина изилдөө – тазалоо иштери жүргүзүлдү.

ПКК/ПЙД террористтеринин Афринден чыгышка, Мүнбичтен батышка карай  болушу ыктымал болгон кол салууларын токтотууга карата чаралардын көрүлүшү улантылды.



Тектеш кабарлар