Эрдоган король Салман менен сүйлөштү

Жаңы мураскор ханзаада Мухаммедди да куттуктады

757533
Эрдоган король Салман менен сүйлөштү

Президент Режеп Тайип Эрдоган Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд жана жаңы мураскор ханзаада Мухаммед бин Салман менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президент Эрдоган Сауд Арабияда мураскор ханзаадалыктагы кызмат алмашунун жакшылыктарды алып келишин тилеп, куттуктоо билдирүүлөрүн айтты.

Телефон сүйлөшүүсүндө, Түркия-Сауд Арабия карым-катнаштарынын алдыдагы мезгилде дагы да күчтөндүрүлүшүнө карата чечкиндүүлүк баса белгиленди.

Ошондой эле аймакта Катар маселесинин чечилүүсүнө карай аракеттердин арттырылуусу боюнча макулдашышты.

Ханзаада Мухаммед бин Салманга кызматында ийгилик каалаган президент Эрдоган менен Сауд король Салман 7-8-июлдагы Чоң жыйырмалыктын саммитинин алкагында Германиянын Гамбург шаарында бетме-бет жолугушууга чечим чыгарышты.



Тектеш кабарлар