Президент Эрдоган АКШнын жан сакчылары тууралуу чечимине каршы чыкты

Президент Эрдогандын АКШ сапарында ПКК террордук уюмун жактоочуу бир группа Түркиянын Вашингтон элчилигинин алдында чогулган түрктөргө кол салган.

754052
Президент Эрдоган АКШнын жан сакчылары тууралуу чечимине каршы чыкты

Президент Р. Т. Эрдоган АКШнын жан сакчыларына карата териштирүүсүнө каршылык көрсөттү

АКШ мекемелери президент Эрдогандын 16 -  майдагы АКШ сапарында болгон окуяны негиз катары көрсөтүү менен президенттин 12 жан сакчысы  тууралуу кармоо чечимин чыгарды. Президент Эрдоган чечимге : «Бул кандай укук. Бул жан сакчылар мени коргобосо эмнеге Америкага алып барайын»,- деп жооп берди.

Президент Эрдогандын АКШ сапарында ПКК террордук уюмун жактоочуу бир группа Түркиянын Вашингтон элчилигинин алдында чогулган түрктөргө кол салган.

АКШнын ушуга окшогон жогорку деңгээлдеги сапарларда көргөн чаралары бул жолу аткарылган жок. Кол салууда АКШ коопсуздук күчтөрү жетишсиз болуп президенттин жан сакчылары аракетке өттү.

Окуядан кийин АКШ мекмемелери териштирүү баштады. Кол салган топту эмес түрк жарандарын жана президенттиктин жан сакчыларын күнөөлөдү. Президент Р. Т. Эрдоган чечимге : «Менин жан сакчыларымдан 12 киши үчүн камоо чечимин чыгарышыптыр. Бул кандай мыйзам, бул кандай укук? Бул жан сакчылар мени коргобосо эмне үчүн менин жанымда Америкага алып барайын? Американын Хенси жана Жоржу менен өзүмдү коргоймунбу?»,- деп  катуу каршылык көрсөттү.

Түрк тышкы иштер министрлиги да чечим боюнча аракетке өттү. АКШнын Анкарадагы элчиси Жон Басс министрликке чакырылды. Чечимдин укуктук таянычынын жок экендиги министрликтин кеңешчиси элчи Үмит Ялчын тарабынан АКШ элчисине билдирилди.

Тышкы иштер министрлиги билдирүүсүндө : «Тарапсыз жана көз карандысыз бир териштирүнүн жыйынтыгынын болбогондугу ачыкча көрүнгөн бул чечимдин кабыл алынгыс экендиги АКШ элчилигине  билдирилди»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар