Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун Кувейт сапары

Мевлют Чавушоглу менен экономика министри Нихат Зейбекчи Сауд Аравияга баргандан мурда бүгүн Түркияга кайтат.

753604
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун Кувейт сапары

 Перс булуңундагы Катар кризисинин чечилиши үчүн аймакка барган тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жолугушууларын Катардан кийин Кувейтте улантууда.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кувейтке эрте менен сааттарда конду.

Эмирликтин аэропортунда Кувейттин тышкы иштер министрлигинин Европа иштери боюнча жооптуу министрдин орун басары Уалид ал Кобаизи тарабынан тосулуп алынды.

Мевлют Чавушоглу расмий жолугушууларынан мурда Кувейттеги басма сөз мекемелеринин өкүлдөрү менен жолугушуп, актуладуу абалдарды карап чыгышты. Чавушоглу Катар менен кээ бир араб эмирликтеринин ортосундагы кризиске байланыштуу : «Биздин булуң өлкөлөрүнүн ортосунда бөлүүчүлүк кылуубуз сөз болбойт. Бул биздин пайдабызга да болбойт»,- деди.

Мевлют Чавушоглу андан кийин Кувейт вице – премьери жана тышкы иштер министри Шейх Сабах Халид Ал Хамад Ал Сабах менен жолугушту.

Ошол эле учурда булуң кризисине чечүүчү жол табуу жана Түркиянын Катарга колдоосун көрсөтүү максатында жолугушууларын уланткан тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен экономика министри Нихат Зейбекчи Сауд Аравияга баргандан мурда бүгүн Түркияга кайтат.

Чавушоглу жана Зейбекчинин Кувейттеги жолугушууларынан кийин Сауд Аравияга барышы күтүлүүдө. Бирок Чавушоглунун бүгүн Түркияга келе турган Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригез Паррилла менен жолугушкандан кийин эртең кайрадан аймакка барышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар