Президент Р. Т. Эрдоган Хамис ел - Жихинави жана Селим Жубурини кабыл алды
Тунистин тышкы иштер министри борбор шаар Анкарада биринчи болуп президент Р. Т. Эрдоган тарабынан кабыл алынды.
753636
![Президент Р. Т. Эрдоган Хамис ел - Жихинави жана Селим Жубурини кабыл алды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8e52/19a7/96db/5942989b2606a.jpg?time=1718796999)
![erdogan kabul 2.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1857/b690/4288/594298b9079a9.jpg?time=1718796999)
Тунистин тышкы иштер министри Хамис ел - Жихинави жана Ирактын өкүлдөр парламентинин төрагасы Селим Жубури Түркияда жолугушууларды өткөрдү.
Тунистин тышкы иштер министри борбор шаар Анкарада биринчи болуп президент Р. Т. Эрдоган тарабынан кабыл алынды.
Президенттик комплексте басма сөзгө жабык өткөрүлгөн кабыл алуу жарым саатка жакын созулду. Эрдоган андан кийин Ирак өкүлдөр парламентинин спикери Селим Жубурини да кабыл алды.
Президенттик комплексте басма сөзгө жабык өткөн кабыл алуу да бир саатка жакын созулду. Кабыл алууга Түркия Улуттук Парламентинин спикери Исмаил Кахраман да катышты.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718797000)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.