Анкаралыктар көрсөткөн эрдиктери менен ардагер сыпатын алууга толук укуктуу
Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Анкара облустук уюму менен ооз ачуу тамагында жолукту.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы кандуу төңкөрүш аракети убагында анкаралыктардын көрсөткөн эрдиктери менен ардагер сыпатын алууга толук укуктуу эл жана шаар болгонун айтты.
Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Анкара облустук уюму менен ооз ачуу тамагында жолукту.
15-июль төңкөрүш аракетине каршы күрөшүп жатканда анкаралыктардын көрсөткөн эрдиктерин мактаган Эрдоган: «Президенттик атайын кыймыл күчү бомбаланыптыр, ал түндөн жүздөгөн шейит, миңдеген ардагерибиз бар. Ошол түнү танкалардын астына коркпостон өз денесин таштаган улутум менен сыймыктанамын. Бомбалардан качпаган улутум менен сыймыктанамын. Бир тарапта ыймандуу азиз улум бар эле, тиги тарапта ыйманы качкан кол салгыч банда бар болчу»,-деп айтты.
Эрдоган ошол түндө анкаралыктардан 90 жаран, 56 полиция, 3 аскер болуп 149 киши шейит болгонун, жараланып ардагерлик даражасына жеткен анкаралыктардын саны болсо 1222 киши болгонун айтты.
Анкара тууралуу жаңы долбоорлорго да токтолгон Эрдоган, шаарды өзгөртүп өнүктүрүү менен Анкараны марка шаарга айланта тургандарын маалымдады.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.