Түркия менен ЕБнин өкүлдөрү жыйналыш өткөрүшөт

Түркия жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү Брюсселде саясий диалог жыйналышын өткөрүшөт.

751670
Түркия менен ЕБнин өкүлдөрү жыйналыш өткөрүшөт

Түркия жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү, эки тараптуу карым-катнаштарды күчтөндүрүү жана кызматташууларды арттыруу үчүн бүгүн Брюсселде саясий диалог жыйналышын өткөрүшөт.

ЕБнин тышкы байланыштар кызматында өтө турган жыйналышта Түркияны ЕБ боюнча министрлигинин кеңешчи милдетин аткаруучу, элчи Селим Йенел жана Тышкы иштер министрлигинин кеңешчи орун басары Мехмет Кемал Бозай өкүлдүк кылышат.

Делегацияда Түркиянын Европа Биримдиги багытында туруктуу өкүлү, элчи Фарук Каймакчы да орун алат. ЕБ тарабынан болсо ЕБ Комиссиясынын коңшулук саясаттары жана кеңейүү менен ЕБ Тышкы байланыштар кызматынан өкүлдөр катышат.

Саясий директорлор деңгээлинде өтө турган жыйналышта тышкы саясат, кошулуу сүйлөшүүлөрү процесси, энергетика, коопсуздук, тартипсиз көчүү, радикалдашуу, чет элдикке душмандык, террор менен күрөшүү, түрк атуулдарынын Европада визасыз жүрө алышы, Бажы Биримдигинин күчтөндүрүлүшү, экономика жана транспорт темалары каралат.

Тараптардын алдыдагы 1 жылда кайсы тармактарда биргелешкен иштерди аткара турганына чечим чыгарышы жана эки тараптуу так кадамдарды ташташы күтүлүүдө.

Саясий диалог жыйналышынан кийин Түркиядан министрлер жана ЕБ Комиссиясынын мүчөлөрү деңгээлинде Брэсселде жолугушуулар өткөрүлүшү көздөлүүдө.



Тектеш кабарлар