Эрдоган Трамп менен сүйлөшөт

Бул туурасында тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу билдирди.

751953
Эрдоган Трамп менен сүйлөшөт

Президент Режеп Тайип Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшөт.

Бул туурасында тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу билдирди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынында басма сөз мүчөлөрүн маалыматтандыруусунда Катар кризисине Орозо айт майрамынан(25-июнь башталат)  мурда чечим табыш үчүн Түркиянын бардык деңгээлде жолугушууларды өткөрүп: «Президент Эрдоган, алдыбыздагы күндөрдө АКШнын президенти Трамп менен Катар маселесин сүйлөшөт»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу, айрым араб өлкөлөрүнүн Катарга каршы чыгарган чечимдеринин себептерин белгилөөгө аракет кылгандарын, дары-дармек жана азык-түлүк сыяктуу негизги керектелүүчү муктаждыктар менен өлкөлөрдүн дароо ташталып кетишине карай чара көрүүлөрүнө 4 өлкөнүн өз ичинен олуттуу каршылык көрсөтүүлөр болуп жатканына көңүл бурду.

Түркиянын арачылык дагы кылганын ошондой эле ар кимди иштин ичине тартканын айткан Чавушоглу: «Биз чындап эле конструктивдүү кыймыл кылуудабыз. Ал эми абдан ачык түрдө өздөрүнө да (Перс булуңу өлкөлөрүнүн элчилерине) айттык. Б.а. таштаган айрым кадамдар да ченемсиз, жаңылыш. Исламга да жатпайт, адамкерчиликке да жатпайт»,-деди.

Чавушоглу, Катардын аймактык темаларда ар дайым Сауд Арабияны же башка Перс булуңу өлкөлөрүн жактаганын да түшүндүрдү.

Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Египет жана Йемен, 5-июнда Катар менен бардык дипломатиялык карым-катнаштарын токтоткондорун жарыялаган.

Өлкөлөрүнүн аба мейкиндигин Катарга жапкан Сауд Арабия, БАЭ жана Бахрейн, катардык дипломаттардын 48 сааттын ичинде өлкөлөрүнөн чыгып кетишин талап кылып, Сауд Арабия айрыкча Катардын жалгыз кургактык чек арасын жаап таштаган.

Катарга карай дипломатиялык курчоого Мальдив аралдары, эл аралык коомчулук  тарабынан мыйзамдуу болбогон төңкөрүшчүл генерал Халифе Хафтердин колдоочусу Ливиядагы Тобрук өкмөтү, Мавритания жана Комор аралдары сыяктуу өлкөлөр да кошулган.

Иордания да Катар менен дипломатиялык карым-катнаштарынын деңгээлин түшүргөн жана борбору Катарда орун алган Ал Жазира телеканалынын жергиликтүү кеңсесин жапканын жарыялаган.                                        



Тектеш кабарлар