Акыл-сезими кем маданият, искусство жана ахлагы кем спорт менен эч бир жерге жетилбейт

Президент Эрдоган, жубайы Эмине Эрдоган менен бирге Стамбулдагы Тарабия сарайында берген ооз ачуу тамагында искусство жана спорт чеберлери менен жолукту.

751462
Акыл-сезими кем маданият, искусство жана ахлагы кем спорт менен эч бир жерге жетилбейт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, акыл-сезими кем маданият, искусство жана ахлагы кем спорт менен эч бир жерге жетилбей турганын айтты.

Президент Эрдоган, жубайы Эмине Эрдоган менен бирге Стамбулдагы Тарабия сарайында берген ооз ачуу тамагында өнөрпоз жана спорт чеберлери менен жолукту.

Маданиятты, искусствону жана спортту белгилүү бир катмарлардын монополиясында кармоого багытталуунун өлкөгө эч бир пайдасы болбогону сыяктуу, тескерисинче бул мамиленин бардык тармакта кайгыга салуучу чөмүлүүгө алып барганын баса белгилеген Эрдоган: «Түркиянын күчү жана көлөмү менен маданият, искусство жана спорт тармагында турган жери шайкеш эмес. Акыл-сезими кем маданият, искусство жана ахлагы кем спорт менен эч бир жерге жете албайбыз. Мындай мамиле менен дүйнө жүзү боюнча ысымдарга жана чыгармаларга ээ болуу эмес, улутубуздун эң төмөнкү күтүүлөрүн дагы камсыздай албайбыз»,-деди.

Мамлекеттин маданиятта, искусстводо, спортто башкарган эмес, колдогон, шыктандырган позицияда болушу керектигин баса белгилеген президент, принцип катары искусство чеберлеринин мамлекеттик кызматкер болушун туура көрбөгөнүн, жалгыз бардык искусство чеберлеринин чыгармачылыктарын өзүнүн эркин дүйнөсүндө аткаруулары туура болоорун ойлогонун айтты.

Спортчу жана искусство чеберлеринин коомчулукка үлгү болуучу адамдар экенин баса белгилеген президент: «Бул жоопкерчиликти аткарбагандар жалгыз өзүлөрүнө эмес улутубузга да зыян тийгизгендерин билиши керек»,-деди.

Стамбулдун Таксим районундагы «Ататүрк» маданият борборунун кулатылып ордуна жаңы имараттын салына турганын маалымдаган президент Эрдоган, долбоор боюнча иштер аяктаганын жана иштин жүзөгө ашыруу баскычына өтө тургандарын кошумчалады.

 



Тектеш кабарлар