Орусиялык туристтердин тандоосу Түркия
Орусиялык туристтер июнь айында да Түркияны тандашат
Орусиянын Туроператорлору биримдигинин билдирүүсүндө (АТОР), жарандардын «Россия күнүнөн» улам майрамдык эс алууда Түркияга келүүнү пландагындары белгиленди.
Билдирүүдө орусиялык жарандардын тандоолорунун арасында 37 пайыздык үлүш менен Түркиянын лидер абалда экени баса белгиленсе, Грециянын жана Орусиядагы жергиликтүү туристтик жерлердин 19 пайыздык үлүш менен тизмеде Түркиядан кийин тургандарына көңүл бурулду.
Быйыл январь-апрель айларынын аралыгында Орусиядан Түркияга келген туристтердин саны өткөн жылга салыштырмалуу болжол эсеп менен 15 эсе өссө, орусиялык жооптуу кызматкерлер Түркияга быйыл орто эсеп менен 3,5-4 миллион орусиялык туристтин келээрин күтүп жатышат.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.