Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Литва сапарын кечеңдетти

Тышкы иштер министри Мевлют Чаушоглу Катар кризисинен улам кечээ Литванын борбор шаары Вильнюска жасай турган расмий сапарын кечеңдетти.

749201
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Литва сапарын кечеңдетти

Тышкы иштер министри Мевлют Чаушоглу Катар кризисинен улам кечээ Литванын борбор шаары Вильнюска жасай турган расмий сапарын кечеңдетти.

Литванын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Чавушоглу Литванын тышкы иштер министри Линас Линкевичуска телефон чалып сапарын кечеңдеткендигин билдирди. Чавушоглу сапардын эки жак ылайык көргөн учурда өткөрүлөрүн ойлогондугун билдирди. Маалыматта сапардын Катар башта болуп, аймактагы абалдын начарлашынан улам кечеңдетилгендиги да белгиленди.

Чавушоглу акыркы жолу эки жыл мурда Литвага расмий сапар менен барган. Литванын тышкы иштер министри Линкевичус болсо 22 -  августта Түркияга сапар менен келген.

Линкевичус Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин Түркияга келген биринчи Европа Биримдиги жана НАТО тышкы иштер министри  болгон.

Бир тараптан тышкы иштер министри Чавушоглу Катар кризисинин чечилиши тууралуу телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн улантууда.

Мевлют Чавушоглу Катардын тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдуррахман Ал Сани менен кечээ телефон аркылуу сүйлөштү.  Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Чавушоглу жана катардык кесиптеши сүйлөшүүдө булуң аймагындагы акыркы абалдарды карап чыгышты.

Чавушоглу Румыниянын тышкы иштер министри Теодор Мелешкану жана Болгариянын тышкы иштер министри Экатерина Захариева менен да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.  



Тектеш кабарлар