ПКК террористтерине карай жүргүзүлгөн операциялар...

Жикчил террор уюмунун жаз-жай мезгилине карата даярдыктарына бөгөт коюу максатында башталган операциялар тынымсыз уланууда.

736428
ПКК террористтерине карай жүргүзүлгөн операциялар...

Түрк куралдуу күчтөрүнүн акыркы 10 күндүн ичинде жүргүзгөн операцияларында жикчил террор уюму ПККга мүчө 93 террорист жок кылынды.

Жикчил террор уюмунун жаз-жай мезгилине карата даярдыктарына бөгөт коюу максатында башталган операциялар тынымсыз уланууда.

Ушул алкакта террор уюмунун ар дайым баш калкалоо аянты жана өлкө ичине өтүү багыты катары колдонгон Хаккари, Шырнак, Сиирт, Диярбакыр, Батман, Тунжели сыяктуу аймактарда операциялар жүргүзүлдү.

Операцияларда террористтер тарабынан колдонулган 71 баш калкалоочу аянты жана үңкүрдүн таш талканы чыгарылып, чоң көлөмдөгү жарылуучу зат жана ок дары да колго түшүрүлдү.

Чек аралардан мыйзамсыз жолдор менен өтүүгө аракет кылган 8755 киши да кармалды.



Тектеш кабарлар