Самсундан Краснодарга учак каттамы

Самсун менен Краснодар шаарларынын ортосундагы түздөн түз учак каттамы кайрадан башталды.

732241
Самсундан Краснодарга учак каттамы

Түркия менен Орусиянын ортосундагы абалдардан улам 1 жарым жыл мурда токтотулган Самсун менен Краснодар шаарларынын ортосундагы түздөн түз учак каттамы кайрадан башталды.  

RusLine фирмасына таандык Bombardier CRJ-200 моделиндеги 54 кишилик учак ишемби күнү Краснодардан учуп 40 минутада Самсундагы «Чаршамба» аэропортуна конду. Учак фольклордук топтун коштоосунда  тосулуп алынды, учактагы ишкерлер журналисттерге гүл таркатышты.

Мэрдин милдетин аткаруучу Туран Чакыр аэропортто өткөрүлгөн аземде Түркия менен Орусиянын эми бири бирине дагы да жакын болгондугун белгилеп : «Краснодар менен Самсундун арасында бир көпүрө курулду. Самсун Кара деңиз аймагынын эң кооз шаарларынын бирөөсү. 40 минуталык учуу менен эки өлкөнүн адамдары бири бирин дагы жакындан тааныйт»,- деди. Каттамдардын оболу жумада бир күн болорун белгилеген Чакыр  : «Баруу ишемби күнү жана кайтуу болот, бирок кийинки айларда талаптын артуусу менен каттам санынын жогорулашынан үмүт кылуудабыз»,- деди.

RusLine  фирмасынын өнүктүрүү мекемесинин төрагасы Алексей Донченко да эки өлкөнүн арасындагы аралыктын эми 40 минута экендигине көңүл буруп талаптын артуусу менен мунун каттам санына да чагыларын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар