Түркия ракетасын сынады

Узун аралыкка атуучу ракета "Боранын" Синопто тесттен ийгиликтүү өткөндүгү билдирилди.

730626
Түркия ракетасын сынады

Улуттук коргоо министри Фикри Ышык Түркиянын биринчи узун аралыкка атуучу ракетасы "Боранын" Синопто тесттен ийгиликтүү өткөндүгүн билдирди. Жергиликтүү  жана улуттук куралдар көргөзмөгө чыккан IDEF 2017 жарманкесинде журналисттердин суроолоруна жооп берген улуттук коргоо министри Фикри Ышык : "Синопто 280 километр аралыктуу "Бора" аттуу ракетабыздын жаңы атышы жасалды. Кара деңиздин ичине ийгиликтүү атуу болду. Түркия эми өз ракетасын жасай ала турган абалга келди, сыймыктанабыз",- деди. 

Рокетсан тарабынан чыгарылган "Бора" ракетасынын диаметри 610 миллиметр, салмагы 250 килограмм. Система "ат жана алыста" тактикасын ийгиликтүү аткарууда. 

 

 



Тектеш кабарлар