Түркия АКШга каршылык көрсөттү

Жикчил террордук уюм ПККга АКШнын курал-жарак жагынан жардам беришине каршылык көрсөтүлдү

729585
Түркия АКШга каршылык көрсөттү
mevlüt çavuşoğlu.jpg

Премьер-министр Бинали Йылдырым, АКШнын жикчил террордук уюм ПККга оор курал-жарактарды берүү чечиминин өзү үчүн да терс болоорун айтты.

Премьер-министр Англиянын борбор шаары Лондонго аттанаар алдында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Бинали Йылдырым Түркиянын дагы бир террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүүдө колдонулушуна каршы болгон жикчил террордук уюм ПККга түздөн-түз же кыйыр жардам бергендигин туюнткан курал-жарак жардамынын кабыл алынгыс экенин баса белгиледи.

«Терс чечим чыгарылса жыйынтыгы АКШ үчүн да терс болот» деген Йылдырым, Америка башкаруучулугунун Түркиянын сезимталдуулугун эске ала турганы боюнча ишеним бергенин айтты.

Менчик телеканалга маек куруп берген вице-премьер Нуреттин Жаникли да мунун кабыл алынгыс экенин айтты.

Жаникли: «АКШнын өздөрү террордук уюм деген топко (ПКК) ЙПГ аркылуу курал-жарак бериши чындыкты өзгөртпөйт, мунун кабыл алынуусу мүмкүн эмес. Түркия мамлекетинин келечегине коркунуч туудура тургандай түрдө террористтик уюмдардын ал жерде кошулуусун биз кабыл албайбыз»,-деди.

АКШ башкаруучулугунун бул туура эмес ишин токтотоорун, мындан баш тартаарын үмүт кылгандарын белгилеген Жаникли: «Мындай саясат эч кимге пайда алып келбейт, террордук уюмдар менен бир чатырдын ичине кирүүгө болбойт. Керектүү бардык дипломатиялык иштерди жүргүзүп жатабыз жана улантабыз. Каалообуз жаңы АКШ башкаруучулугу тарабынан бул жаңылыштыктын токтотулушу жана достук эмне талап кылса ошонун жасалышы. «ДЕАШка каршы күрөшүү үчүн кургактан кыймыл жалгыз гана ЙПГ аркылуу ийлигиликтүү ишке ашат» деген сөздөр чындык менен эч байланышы жок, бул жаңылыштыктын токтотулаарына ишенемин»,-деп айтты.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу болсо ЙПГнин колуна өткөн ар бир куралдын Түркия үчүн коркунуч болгонун айтты.

АКШнын ЙПГге оор курал-жарактарды берүү чечимине сереп салган министр Чавушоглу: «Сирияда жаңылыш кадамдар ташталбашы керек. АКШ башкаруучулугу биздин оюбузду абдан жакшы билет»,-деди.

Чавушоглу: «ЙПГликтер менен арабдар өз-өзүнчө ажырашы керек. Раккага арабдардын кирүүсүндө пайда бар. Бул жерге кошумча күч катары оппозициячылдарды жөнөтүүгө болот. Ракка 99 пайыз суннит араб шаар. Сириянын ичиндеги шаарлардын келечегин да жакшы пландашыбыз керек. Сириянын жеринин бүтүндүгүн колдоп жатсак өзгөчө Иракта жасалган жаңылыштыктардан сабак алып туура эмес кадам таштабашыбыз керек. ЙПГ менен ПКК бирдей, айырмасы жок. Булардын колуна өткөн ар бир курал-жарак Түркия үчүн коркунуч болуп саналат»,-деп айтты.

Улуттук коргоо министри Фикри Ышык да АКШнын ЙПГге курал-жарак беришинин өзүнчө маселе экенин айтты. Түркиянын улуттук кызыкчылыктарын коргоого күчү жете турганын белгилеген Ышык: «ЙПГ/ПЙД сыяктуу террордук уюмдар катышкан операцияга Түркиянын колдоо көрсөтүшүн эч ким күтпөшү керек»,-деди.



Тектеш кабарлар