Түркия жана Булуң өлкөлөрү маселелер менен алпурушкан аймакта ырааттулук аралдары

Эрдоган эртең жасай турган Кувейт сапарынын алдында ал өлкөнүн расмий маалымат агенттиги KUNAга маалымат берди.

728149
Түркия жана Булуң өлкөлөрү маселелер менен алпурушкан аймакта ырааттулук аралдары

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия жана Булуң өлкөлөрүн маселелер менен алпурушкан аймакта ырааттулук аралдары катары мүнөздөп:«Бардыгыбыз тең аймагыбызда тынчтык, ынтмак жана ырааттуулукту каалайбыз»,-деди.

Эрдоган эртең жасай турган Кувейт сапарынын алдында ал өлкөнүн расмий маалымат агенттиги KUNAга маалымат берди.

Түркия менен Кувейттин дос жана тууган өлкөлөр экенин белгилеген президент Эрдоган, экономикалык карым-катнаштардын саясий карым-катнаштар менен параллель түрдө ылдам илгерилегенин айтты.

Сапары убагында бир түрк фирмасынын чет өлкөдө өзү жалгыз ээ болгон эң чоң тендери болгон Кувейттин Эл аралык аэропортунун жаңы башкы жүргүнчү терминалынын пайдубал түптөө аземине катыша турган Эрдоган, долбоордун түрк фирмаларынын дүйнө жүзүндө келип жеткен жогорку деңгээлин көрүү жагынан чоң сыймык болгонун белгиледи.

Эки өлкөнүн карым-катнаштарынын өзгөчө инвестициялар, соода, коргоо өнөр жайы кызматташтыгы, туризм баштаган көп сандаган тармакта өнүгүү потенциалы бар экенин баса белгилеген Эрдоган, эки тараптуу инвестициялардын арттырылышын ойлогонун жана Түркиянын стратегиялык кызматаштык тармактарынан коргоо өнөр жайы тармагында Кувейт менен тажрыйбаларын бөлүшүүгө даяр болгондорун айтты.

Түркия менен Кувейттин ортосундагы сооданын өнүгүүсүн сандар менен ортого салган Эрдоган, 2017-жылдын биринчи чейрегинде эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17 пайызга өсүп 152 миллион долларга жектенине көңүл бурду.

Инвестиция жагынан абдан ыңгайлуу өлкөгө айланган Түркияга Кувейттин 2002-жылдан тарта салган түздөн-түз инвестиция көлөмүнүн орто эсеп менен 1,7 миллиард доллар болгонун белгилеген Эрдоган, учурда 280 кувейттик фирманын Түркияда иш алып барганын айтты.

Түркия жана Булуң өлкөлөрүн маселелер менен алпурушкан аймакта ырааттуулук аралдары катары мүнөздөгөн президент Эрдоган: «Бардыгыбыз тең аймагыбызда тынчтык, ынтмак жана ырааттуулукту каалайбыз. Элдердин кагылышуулардан алыс өнүккөн жашоо сүрдүрүүлөрүн каалайбыз. Жарандык согуш болбогон, эч кимдин ишеничинен же этникалык тегинен улам кыстоо көрбөгөн, тынчтыкта жанаша жашаган, ырааттуу аймакты каалайбыз. Бул каалообуздун Булуң өлкөлөрү тарабынан колдоо көргөнүн абдан жакшы билебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар