Эрдоган Шенол Гөканы ТРТнын 53 жылдыгы менен куттуктады

Президент Эрдоган ТРТнын башкы директору Шенол Гөкага кат жөнөттү

723476
Эрдоган Шенол Гөканы ТРТнын 53 жылдыгы менен куттуктады

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) түзүлгөндүгүнүн 53 жылдыгын ТРТнын башкы директору Шенол Гөкага кат жөнөтүп куттуктады.

Президент Эрдоган билдирүүсүндө: «ТРТ- түрк тилибизге, улуттук жана руханий баалуулуктарыбызга болгон сезимталдыкты сактап, башка берүү мекемелерине үлгү болуусун улантууда»,-деди.

Президент, ТРТнын элдин күтүүлөрүн камсыздаган эфир түшүнүгү менен дагы көп көрүлгөнүн белгилеп: «Жарым кылымдан ашуун маалымат жана тажрыйбасын күчтүү техникалык базис менен бириктирген, жаңы каналдары жана көп тилдүү берүүлөрү менен көрүүчү эл массасын күн өткөн сайын кеңейткен Түркия радио-телеберүү мекемеси бүгүнкү күндө дүйнөлүк телеберүүлөрдүн арасында абройлуу орунга ээ болду»,-деди.

Бир тараптан ТРТнын курулгандыгынын 53 жылдыгынан улам ТРТнын башкы директору Шенол Гөка жана аны коштогон ТРТ делегациясы Аныткабырга барып Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар коюшту. Аныткабырдын атайын дептерине кол койгон ТРТнын башкы директору Шенол Гөка, ТРТ деңгээли жогору жана принциптүү берүү түшүнүгүн чечкиндүүлүк менен уланта турганын маалымдады.



Тектеш кабарлар