Президент Р. Т. Эрдоган эртең Индияга сапар менен барат

Президент Эрдоган вице – президент Мухаммед Хамид Ансари менен тышкы иштер министри Сушма Сваражды да кабыл алат.

722783
Президент Р. Т. Эрдоган эртең Индияга сапар менен барат

 

Президент Р. Т. Эрдоган Индиянын президенти Пранаб Мукхержинин чакыруусу менен эртең Индияга барат.

30 -  апрель, 1 -  майдагы сапарынын негизинде Эрдоган Индиянын президенти Пранаб Мукхержи жана премьер – министри Нарендра Моди менен жекеме – жеке жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрөт.

Президент Эрдоган вице – президент Мухаммед Хамид Ансари менен тышкы иштер министри Сушма Сваражды да кабыл алат.

Бир тараптан сапардын негизинде Түркия менен Индиянын алдыңкы фирмаларынын башкаруучулары катыша турган Түркия – Индия иш форуму да өткөрүлөт.

Президент Эрдогандын өткөрө турган жолугушууларында Индия менен эки тараптуу карым – катнаштар бардык жактары менен каралат жана аймактык, эл аралык темалар тууралуу пикир алышууларда болушат.



Тектеш кабарлар