АКШ так позициясын ортого коюшу керек

Калын, Атлантика Кеңешинин Стамбул саммити-2017нин алкагында өткөрүлгөн «Түркия, Жакынкы Чыгыш жана Батыш; кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр» аттуу отурумда сөз сүйлөдү.

722586
АКШ так позициясын ортого коюшу керек

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Фетуллахчы террор уюму/ параллель мамлекеттик түзүмү «ФЕТӨ/ПДЙ) маселесинде Америка Кошмо Штаттарынын так позицияны ортого коюшу керектиин айтты.

Калын, Атлантика Кеңешинин Стамбул саммити-2017нин алкагында өткөрүлгөн «Түркия, Жакынкы Чыгыш жана Батыш; кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр» аттуу отурумда сөз сүйлөдү.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түркия менен АКШнын көп сандаган темада бирдей пикирде болгонун, бирок мурдагы президент Барак Обама мезгилинде ДЕАШка каршы, жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД жана ЙПГнын колдоого алынышы жакталганын жана мунун эки өлкөнүн ортосунда чыңалуу жаратканын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын алдыбыздагы айда АКШга жасай турган сапарына да токтолгон Ибрахим Калын: «16-майда Ак үйдө боло турган жыйналышта эки президент тең жол карталарын беришет бардыгыбыз үчүн, ошондуктан бул теманы артка таштай туралы. ФЕТӨ/ПДЙ маселесинде АКШ өкмөтү так позициясын ортого коюшун каалайбыз. Албетте укуктун үстөмдүгүнүн алкагында адилеттик процессин колдоого алуудабыз, бирок АКШ өкмөтүнүн бул темада жасай ала турган айрым нерселери бар. Анткени ФЕТӨнүн корбашычысы бул кылмыш императорлугун АКШдан башкарууда. Жалгыз бир киши эмес, командасы, адамдары, жүздөгөнү АКШ системасын, мыйзамдарын колдонуп жана салык төлөгөндөрдүн акчасын алып биздин өлкөбүзгө кол салууда. Өлкөбүзгө жана президентибизге каршы кара пиарын жүргүзүүдө. Бул, күчтүү шериктештик жана модель катары АКШ жана Түркияга шайкеш келбейт. Бул темада илгерилөөгө жетишебиз деп ойлойм»,-деди.

Президенттиктин басма сөз катчысы Калын, сөзүндө Ислам дүйнөсү жана Батыш карым-катнаштарынын көпкө созулган өтмүшү болгонуна да токтолуп: «Заманбап убактар көп сандаган киши тарабынан кооптонуу мезгили, идеолгия доору ж.б. катары аныкталбаптыр, бирок жакынкы убакта дүйнөдө болуп жаткандар жагынан коопсуздук же кооптуулук деп аныктала баштайт. Ислам жана батыш өлкөлөрүнүн ортосунда ишенимсиздик болгондуктан муну саясат, экономика деңгээлинде, адамзат карым-катнаштарында карашыбыз керек»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар