Түркия мамлекетинин жетекчилиги ЕКПАнын чечимине катуу каршылык көрсөттү

Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) Түркия тууралуу чыгарган чечимине мамлекеттин жетекчилиги катуу каршылык көрсөттү.

720601
Түркия мамлекетинин жетекчилиги ЕКПАнын чечимине катуу каршылык көрсөттү

Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) Түркия тууралуу чыгарган чечимине мамлекеттин жетекчилиги катуу каршылык көрсөттү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияга каршы чыгарылган чечимдин толугу менен саясий болгонун баса белгиледи.

Эрдоган: «Мындай чечимди тааныбайбыз»,-деди.

ЕКПАнын Түркия тууралуу чечимине президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын: «Акыйкаттык жана адилеттүүлүккө тиешеси болбогон чечимди айыптайбыз»,-деди.

Калын: «ЕКПАнын чечими Түркияга душман чөйрөлөрдүн саясий операциясы»,деген маалыматын бөлүштү.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Исмаил Кахраман да каршы чыгуусун жазуу түрүндө жарыялады.

«Толугу менен саясий себептер менен чыгарылган чечимди катуу айыптаймын»,-деп айткан Кахраман: «Террордук уюмдарга кучак жайган бул чечимдин ЕКПАнын атынан уяттын күбөлүгү катары кала турганын белгилей кетким келет»,-деди.

Премьер-министр Бинали Йылдырым, ЕКПАнын күчөп бараткан жикчилдиктин көлөкөсүндө чыгарган чечиминин саясий чечим болгонун айтты.

Өкмөт башчы Йылдырым: «Европа Биримдиги, көз карашын кайра карап чыгышы керек»,-деди.

Вице-премьер Куртулмуш: «Бул, тилекке каршы кадам-кадам өөрчүгөн жикчил, фашист, түрккө каршы турган, исламга каршы турган, Түркияга каршы турган акциянын жыйынытыгы катары көрүнүүдө. Толугу менен саясий чечим болуп саналат. Эч кандай чындыкка шайкеш келбеген чечим»,-деди.

Тышкы иштер министрлик болсо жазуу түрүндө жарыя салды.

ЕКПА менен карым-катнаштар кайра каралып чыга турганы белгилеген жарыяда, бул чечимдин стратегиялык көз караштан кем калган чабалдык мамилени чагылдырганы айтылды.

Анда: «Саясий себептер менен чыгарылган бул адилетсиз чечимди катуу айыптайбыз»,делди.



Тектеш кабарлар