Түркия Сомалиге жардам берүүдө

Түрк Кызылайы өлкөдө 2011 – жылы 11 -  август күнү гуманитардык жардам операциясын баштап аба жана деңиз жолу менен аймакка 20 партия жардам жиберди.

720228
Түркия Сомалиге жардам берүүдө

Түркия кургакчылык менен күрөшүп жаткан Сомалиге көптөгөн жардам мекемелери менен жардам берүүгө аракет кылууда.

Түркия Кызылайы, Түркия дин иштери фонду жана Адам укуктары жана эркиндиктеринин гуманитардык жардам фонду жардамдарды өлкөдөгү жардамга муктаж адамдарга жеткирүүдө.

Түрк Кызылайы өлкөдө 2011 – жылы 11 -  август күнү гуманитардык жардам операциясын баштап аба жана деңиз жолу менен аймакка 20 партия жардам жиберди.

70 миң тонна гуманитардык жардам материалын Сомалиге жиберген Түрк Кызылайы 30 миң кишилик баш калкалоочу лагерин курду. Сомали калкынын азык – түлүк муктаждыгын да камсыз кылган Түрк Кызылайы 13 миллионго жакын нан бышырып таркатты. Айрыкча мобилдик ашканада 14 миллион контейнер тамак даярдаган Кызылай март айында учак менен 1 тонна бөбөк буламыгы  жана ашкана буюмдарын аймакка жеткирди.

Түрк Кызылайы  Катар Кызылайы менен кызматташтык ичинде аймактагы жол жана экологиялык тазалык иштерин да  моюнга алды.

Сомалиге ушул кезге чейин 180 миллион лиралык булак өткөргөн Түрк Кызылайы аймакка кеме менен ун, шекер, дары – дармек жана гигиеналык материалдардан турган 12 миң тонна гуманитардык жардам метериалын жиберүүнү пландап жатат.

Түркия дин иштери фонду да Сомали да араларында болгон Кения, Эфиопия жана Түштүк Судан сыяктуу өлкөлөрдө болуп жаткан кургакчылыктын айынан 18 миң үй – бүлөгө азык – түлүк жардам жеткире баштады.

Түркия дин иштери фонду 2 миллион 544 миң лиралык 18 миң азык - түлүк  кутусу бул айдын акырына чейин муктаждарга таркатылат.

Кургакчылыктын манжасындагы Сомалиде 3 чоң суу кудугун ачкан Түркия дин иштери фонду өлкөдө айрыкча Бенадыр, Галмудуг жана Авдалда 30 тонналык суу кудугун ачуу иштерин улантууда. Фонд 10 тонна суу ала турган бул кудуктардын орточо 20 – 25  жыл аймак калкын таза суу менен камсыздай тургандыгын белгилөөдө.

Адам укуктары жана эркиндиктеринин гуманитардык жардам фонду да көптөгөн айлардан бери жамгыр жаабаган, кудуктар кургаган жана калктын суусуздук кыйынчылыгын тарткан Сомалиде  чукул жардам проектилерине үзгүлтүксүз улантууда.

Адам укуктары жана эркиндиктери кургактыкка байланыштуу өлүмдөрдүн жана көчтөр болгон Сомали тууралуу «Чыгыш Африкага чукул жардам проектисинин» негизинде отчет даярдап коомчулук менен бөлүштү. Андан кийин кайрымдуу кишилердин колдоосу менен Сомали калкына азык – түлүк жана суу жардамдарын жеткирген Адам укуктары жана эркиндиктери уюму  аймактагы суу маселесине туруктуу чечүүчү жол табуу үчүн бир топ проектини да турмушка ашырууда.

Адам укуктары жана эркиндиктери уюму танкерлер менен 500 миң литр таза суу таркатып 150 миң сомалиликтин суу муктаждыгын камсыздады. Айрыкча 5 миң азык – түлүк пакетин 40 миңге жакын жабыркоочуга алып барган мекеме Ислам өнүгүү банкы менен баштаган «Терең суу кудуктары» проектиси менен да 31 жаңы суу кудугунун Сомали калкынын кызматына сунуштады.



Тектеш кабарлар