Түркия ЕКПАнын саясий текшерүүгө алуу чечимине каршы

Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) Түркияны саясий текшерүүгө алуу чечимине Анкара катуу каршылык көрсөттү.

720360
Түркия ЕКПАнын саясий текшерүүгө алуу чечимине каршы

Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) Түркияны саясий текшерүүгө алуу чечимине Анкара катуу каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлиги: «ЕКПАнын башкы ассамблеясында байкалышы керек болгон отурукташкан усулдардан тышкары саясий себептер менен чыгарылган бул адилетсиз чечимин айыптайбыз»,-деди.

Министрликтин жазуу түнүндөгү жарыясында, «Текшерүү чечими Түркиянын (Фетуллахчы террор уюмунун 15-июль) төңкөрүш аракетинен кийин Европа Кеңеши менен үзгүлтүксүз жүргүзгөн конструктивдүү кызматташтыгын да көрмөксөнгө салды»,делди.

«Бөлүүчү чечим, саяси операция болуп саналат. Чечим ФЕТӨ сыяктуу террордук уюмдарга кызмат кылат»,-деп билдирген Тышкы иштер министрлиги аты аталган чечимдин Европа Биримдигинин көрөгөчсүздгүн көрсөткөнүн баса белгиледи.

Анда: «Түркия ЕКПАда бул чечимди чыгарган парламентарларды эң оболу акыл эстүүлүккө,  андан соң принциптүү мамилени жактырып дүйнөнүн орток балээси болгон теророр коркунучу менен күрөшүү үчүн биргелешкен чараларды көрүүгө, күчөп бараткан чет элдикке душмандык, жикчилдик жана исламофобия маселелери менен чынчыл түрдө күрөшүүгө, баш паанек жана көчтү башкаруу темаларында адам укуктарын эске алган жоопкерчиликтүү мамиле көрсөтүүгө чакырат»,делди.

Жарыяда ЕКПАнын бул адилетсиз, саясий жана бир жакка тарткан чечимине карабастан Түркиянын демократиялык стандарттардан, адам укуктарына жана бул тармактагы эл аралык милдеттеринен баш тартпастан, атуулдарынын укук жана эркиндиктерин өнүктүрүү темасындагы чечкиндүүлүгүн уланта турганы баса белгиленди.

ЕКПАнын чечимине президенттиктин башкы кеңешчиси Бүлент Гедикли да каршылык көрсөтүп: «Бул бир саясий операция болуп саналат. Чыныгы текшерүүгө мутаждыгы болгондор Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр»,-деди.

ЕКПАдагы «Түркиядагы демократиялык мекемелердин иштөөсү» аттуу отурумдун акырындагы добушка салууда Түркиянын 2004-жылы чыккан текшерүү процессине кайра кайтуусун көздөгөн долбоор бекитилди.

Ушундайча Түркия, 1996-жылы кирген жана 2004-жылы чыккан саясий текшерүү процессине кайрадан киргизилди.

Айрыкча Түркия, текшерүү процессинен чыгарылып бул процесске кийин кайрадан кошулган алгачкы Европа өлкөсү болду.

Бул чечим; 45 каршы, 113 макул жана 12 калыс добуштары менен кабыл алынды.

ЕКПАда чыгарылган отчет тууралуу ЕКПАдагы түрк делегациясынын төрагасы, Адилеттик  жана өнүгүү партиясынын Аданадан эл өкүлү Талип Күчүкжан калемге алган каршы чыгуу билдирүүсүндө, отчетто жана чечим долбоорунда каталар толтура болгонун, Түркияга каршы бөлүүчү мамиле көрсөтүлгөнүн жана долбоор кабыл алынган учурунда ЕКПАнын Түрк коомдук пикиринин назарында баасын жогото турганы баса белгиленди.

Түркиянын террорго каршы күрөшүүсүндө ЕКПА жанында болушу керектигин баса белгилеген Күчүкжан, эң оболу ФЕТӨ, ПКК жана ДЕАШ башында турган сан жеткис террор уюму менен күрөш жүргүзүлгөнүн жана киргизилген ишке ашыруулардын бул коркунучтарга каршы экендигин белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар