Түркия, АКШ бийлигин кылдат болууга чакырды

Түркия, Америка Кошмо Штаттары бийлигин армян диаспорасынын жек көрүү айтымдарына карата кылдат болууга чакырды.

719780
Түркия, АКШ бийлигин кылдат болууга чакырды

Түркия, Америка Кошмо Штаттары бийлигин армян диаспорасынын жек көрүү айтымдарына карата кылдат болууга чакырды.

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, АКШнын президенти Дональд Трамптын 1915-жылдагы армян жер которуусу үчүн «чоң апаат» сөзүн айтышына каршылык көрсөттү.

Министрлик, президент Трамптын «1915-жылдагы окуялар» туурасында жазуу түрүндөгү жарыясындагы жаңылыш маалымат жана аныктоолордун армян чөйрөлөр жараткан маалыматтардын бурмалангандыгынан келип чыкканын айтты.

Тышкы иштер министрлиги жарыясында; «Жаңы АКШ бийлигинен зомбулукка үгүттөөлөрү жана жек көрүү айтымдары менен таанылган бул чөйрөлөрдүн тарыхты бир жактуу түшүндүрүүлөрүнө көңүл бурулбоосун жана бардык тараптардын кайгыларын эске алган мамилени жактыруусун күтүүдөбүз»,делди.

Биринчи Дүйнөлүк согуш убагында көз жумган Осмондук армяндарынын быйыл да Стамбулдагы Армян патриархиясында өткөрүлгөн азем менен ээ болушкан урмат сыйына ылайыктуу түрдө эскерилгендери эске салынган жарыяда, айрыкча президент Режеп Таййип Эрдогандын аты аталган аземге жиберген билдирүүсү баса белгиленди.

Эрдоган анда; «Армян жамаатынын тынчтыгы, коопсуздугу жана бакыты биз үчүн атайын мааниге ээ. Бир дагы армян атуулубуздун бөлүнүүсүнө, четке кагылуусуна, өзүн экинчи класстагы атуул сезишине чыдамыбыз жок»,деген.

Бир тараптан, Армениянын борбор шаары Ереванда кечээ уюштурулган 1915-жылдагы окуялар күнүн жалган эскерүү иш-чаралары убагында Түркиянын байрагы өрттөлгөнү жөнүндөгү кабарларга да катуу каршылык көрсөтүлдү.

Тышкы иштер министрлиги, кандайдыр бир түрдө түрк улутунун жашоосу менен  бирдей түшүнүктү бергени кабыл алынган Түркия байрагына карай багытталган акцияга чоң каардануу жана каршылык көрсөтүлгөнүн белгиледи.

Аты аталган мыкаачылык кыймыл жана ага себеп болгондорго наалат айтылды.



Тектеш кабарлар