Түркияда 16-апрелден кийин демократия дагы да күчтүү болот

Президент Эрдоган, Измирдин Гүндогду аянтында уюштурулган «Измир жолугушуусунда» атуулдарга кайрылды.

708966
Түркияда 16-апрелден кийин демократия дагы да күчтүү болот
başbakan izmir.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияда конституциялык өзгөртүү үчүн 16-апрелде боло турган элдик добуш берүүдөн кийин демократиянын дагы да күчтүү боло турганын айтты.

Президент Эрдоган, Измирдин Гүндогду аянтында уюштурулган «Измир жолугушуусунда» атуулдарга кайрылды.

Эрдоган элдик добуш берүү тууралуу, «Адамдарды өз пикирлериңе көндүрүш үчүн иштейсиң  бирок чыккан жыйынтык улуттун тандоосу болуп эсептелет. Макул добушун берген дагы, каршы добушун берген дагы биз тараптан урматталат»,-деди.

Премьер-министр Бинали Йылдырым да сүйлөгөн сөзүндө өнүккөн демократия, укуктун үстөмдүгү жана көз карандысыз сот үчүн жаңы конституциянын чоң мааниси болгонун айтты.

Йылдырым, 80 миллион атуулдун бир билгендери тууганча жашоолору үчүн күрөшкөндөрүн белгилеп: «Макул дегендер канчалык бул өлкөнүн сыймыктуу балдары болсо, каршы добуш бергендер да ошончолук сыймыктуу балдары болуп эсептелет. Алар да бул өлкөнүн балдары. Биз мамлекетибизди, мекенибизди «макулчулдар» деп бөлгөн жокпуз, эч качан бөлбөйбүз. Ачык жана так түрдө муну айтуудабыз; эч ким «макул» дегендерди, «каршы» добуш бергендерди бөлө албайт. Душманды деңизге чогуу сүрүп чыкканбыз. Боштондук согушунда чогуу жеңишке жетишкенбиз. Бул жеңиш биздики, бардыгыбыздыкы. Республика бардыгыбыздыкы»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар