Чорумдун райондорун жаратылыш газ менен тааныштырабыз
Президент Режеп Таййип Эрдоган,Чорумдун Абиде аянтында элге кайрылды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Чорумдун райондорун жаратылыш газдын машакатсыздыгы жана тазалыгы менен тааныштыра тургандарын айтты.
Чорумдун Абиде аянтында элге кайрылган Эрдоган: «Сиз менен бир сүйүнчүмдү бөлүшкүм келет. Искилип, Алажа жана Османжык райондоруна быйыл, Додурга, Межитөзү, Огузлар райондоруна болсо 2019-жылы жаратылыш газ берилет»,-деди.
Режеп Таййип Эрдоган: «Талаанын, өнөр жайдын, аймагынын өндүрүш борбору болгон Чорумга кандай кызмат кылсак да аз болот»,-деп айтты.
Президент сөзүндө айрыкча полиция жумалыгын да куттуктап: «Террористтердин ийиндерине кирдик. Күн өткөн сайын кача турган тешик издешүүдө. Биз да акырына чейин кубалайбыз дешүүдө. Тынчтык жана өнүгүү үчүн эмне керек болсо кылабыз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.
Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.