Жаңы системада ыйгарым укуктары так түрдө аныкталат

Премьер-министр Бинали Йылдырым, жеке менчик бир телеканаладын Измирден берилген программасына катышып жаштардын суроолоруна жооп берди.

706811
Жаңы системада ыйгарым укуктары так түрдө аныкталат

Премьер-министр Бинали Йылдырым, 16-апрелде боло турган конституциялык өзгөртүү менен алып келингиси келген системада Парламент жана Президенттин кызмат тармактарынын так түрдө белгилене турганын айтты.

Өкмөт башчы Йылдырым: «Президенттин милдети өлкөнү башкаруу, Парламенттин милдети мыйзам чыгаруу»,-деди.

Йылдырым, жеке менчик бир телеканаладын Измирден берилген программасына катышып жаштардын суроолоруна жооп берди.

Парламенттин мыйзам чыгара турганын, буларды ишке ашыруу ыйгарым укугунун да президентте боло турганын түшүндүргөн Йылдырым: «Президент бул иштерди токтому менен аткарат. Конституцияда мыйзам менен жасалышы керек болгон темалар эч качан Президенттин токтомунун ыйгарым укуктарына кошулбайт. Бир темада мыйзам чыкса, ошол эле темада президенттин токтому да чыкса албетте жарактуусу мыйзамдын үстөмдүгү болот, токтом жараксыз болот»,-деп айтты.

Бинали Йылдырым жаңы системада Премьер-министрлик органынын болбой турганын да белгилеп кетти.

Кош баштуулуктун эки башка эрк түшүнүгүн бергенин жана Түркияга убакыт короттурганын баса белгилеген Йылдырым, жаңы системада эрктин бирге түшүрүлө турганын, улут кимге ыйгарым укукту берсе ошол өлкөнү башкара турганын айтты.

Жаңы системанын макулдашууну алып келе турганын айткан Йылдырым: «Атуул эки шайлоо укугуна ээ болот; бирөө парламентти шайлоо м.а. эл өкүлдөрүн шайлоо, экинчиси президентти шайлоо. Ошондуктан эл эки ыйгарым укугун бир убакта берет. Парламентке мындай дейт; сен мыйзам чыгарасын, шайлаган президентимди текшересиң, жаңылыш иштерди кылып жатса керектүү чараны көрөсүң. Президентке да мындай дейт; сен мамлекетти башкарасың, убада берген кызматтарды кыласың. Мындайча айтканда жаңы система кызмат тармактарын так түрдө аныктайт. Башкача айтканда бийлик бутактарынын ажырымын так чийиндер менен белгилейт. Учурдагы системада бул жок»,-деп айтты.

Премьер-министр Йылдырым, алып келине турган системада атуулдардын жетекчи боло турганын, ошондуктан тек киши башкарат деген нерсе болбой турганын айтты.



Тектеш кабарлар