Референдумдан кийин айыл өкмөттөрү ишин улантат

Президент Эрдоган Бештепедеги «Миллет» конгресс жана маданият борборунда айыл өкмөт башчылары менен жолугушуу өткөрдү.

706395
Референдумдан кийин айыл өкмөттөрү ишин улантат

Президент Режеп Таййип Эрдоган 16-апрелде боло турган элдик добуш берүүнүн, мазмуну жагынан Түркиянын башкаруу системасын өзгөртө турган болушу жагынан тарыхый мааниси болгонун айтты.

Президент Эрдоган Бештепедеги «Миллет» конгресс жана маданият борборунда айыл өкмөт башчылары менен жолугушуу өткөрдү.

Эрдоган бул жердеги сөз сүйлөөсүндө Түркиянын 11 күндөн кийин абдан маанилүү өзгөрүү үчүн шайлоого бара турганын эске салып, шайлоонун темасынын Конституциялык өзгөртүү болгонун белгилеп кетти.

Президент: «Мазмуну боюнча өлкөбүздүн башкаруу системасын өзгөртө турганы жагынан бул референдумдун тарыхый мааниси зор. Жаңы системанын эң чоң өзгөчөлүгү улуттук эрктин өлкө башкаруучулугунун үстүндөгү күчүн арттырган болушу»,-деди.

17-апрелде айыл өкмөттөрдүн жабыла турганы жөнүндөгү айтымдарга жооп берген президент Эрдоган, мунун туура эмес экендигин айтты.

Айыл өкмөт башчыларына сүйүнчү да берген Эрдоган, айыл өкмөт башчыларынын Социалдык коопсуздук мекемесине төлөнгөн акыларынын мамлекет тарабынан камсыздала турганын жарыялады.

Президент Эрдоган коопсуздук күзөтчүлөрүнүн да камсыздалган абалга келтириле тургананын белгилеп, алардын акыларынын Ички иштер министрлиги тарабынан камсыздала турганын айтты.



Тектеш кабарлар