Түркия тик учар тез жардамында биринчи ондо

2008 -  жылы башталган тик учар тез жардам кызматы 17  тик учар менен жүргүзүлүүдө

703403
Түркия тик учар тез жардамында биринчи ондо

Түркия тик учар тез жардам колдонгон өлкөлөр арасында көлөмү жактан биринчи ондо орун алды. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2008 -  жылы башталган тик учар тез жардам кызматы 17  тик учар менен жүргүзүлүүдө.

Жалпы өлкөдөгү 16 аймакта кызмат кылган 17 тик учар тез жардам менен курулган күндөн бери 49 миң 275 сааттык учуу менен 25 миң 858 оорулуу жана 181 орган трансплатация үчүн ооруканаларга жеткирилди.  Түрк аба мекемесинин төрагасы Күршат Атылган тик учарлардын күн сайын өлкөнүн ар башка жерлерине учуп жаткандыгын билдирип : «Кээде бир тик учар күндө бир , эки жолу кызмат кылууда. Тик учарлар аткарган бул иш көптөгөн өлкөдө жок. Дүйнөдө тез жардам тик учарын колдонгон 20га жакын өлкө бар. Түркия да азыркы учурдагы көлөмү менен биринчи ондун ичинде»,- деди.



Тектеш кабарлар