Керек болгон учурунда аймакта жаңы операция жүргүзүлөт

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш, керек болгон учурда аймакта жаңы операциянын боло турганын да айтты.

703391
Керек болгон учурунда аймакта жаңы операция жүргүзүлөт

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш, АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун Анкара сапарында Түркиянын өз коопсуздугуна берген мааниси баса белгиленгенин айтты.

ТРТ-Хабер каналынын түз эфирине катышкан Куртулмуш, Феттуллахчы террор уюму/Параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) корбашчысынын кайтарылышы темасында да АКШга көз караштар айтылганын белгилеп, «Фетуллах Гүлендин Канадага жана Түштүк Африкага кете турганы жөнүндө чалгындоолор бар»,деген серебин салды.

Германиянын чалгындоо кызматы BNDнын шефинин «Төңкөрүштүн аркасында ФЕТӨнүн турганына көндүрүлгөн жокпуз» деген сөздөрүнө да каршылык көрсөткөн Нуман Куртулмуш: «Кудайдан корксоңор боло, көнүшүңөр үчүн 250 кишинин шейит болушу жетпей, 250 миң киши шейит болушу керекпи?»,-деди.

Сирия темасында болсо аянтта күнүгө өзгөрүүлөр болуп турганын айткан Куртулмуш: «Сириянын түндүгүндө террордук мамлекет түзүлүшүнө бөгөт коюлушу керек. «Евфрат калканы» кыймылынын алдыңкы пландарынан бири Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн корголушу. Экинчиси Түркияга ал жактан келе турган коркунучтун азайтылышы. Үчүнчүсү болсо аймакты коопсуз аабалга келтирип, аймактын калкынын үйлөрүнө кайтышын камсыздоо. Сирия боюнча аянтта дагы үстөлдө дагы болушубуз керек»,-деди.

Куртулмуш керек болгон учурда аймакта жаңы операциянын боло турганын да айтты.

Вице-премьер Керкүктөгү желек кризиси темасындагы бир суроого жооп иретинде бул темада эң катуу түрдө каршылык көрсөтүлгөнүн айтты.



Тектеш кабарлар