Орусия дагы Түркия дагы убадаларын орундатып жатышат

Чавушоглу,Орус маданият коому тарабынан Антальянын Коньяалты районунда жеке менчик бир мектепте уюштурулган иш-чарада Антальяда жашаган орустар менен жолукту.

699708
Орусия дагы Түркия дагы убадаларын орундатып жатышат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркия дагы Орусия дагы берген убадаларын орундатып жатканын айтты.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, «Бизден сурап жатышат, «Орусия менен мынчалык ишти кантип аткара алдыңыз?-деп». Биздин да жообубуз жөнөкөй. Түркия дагы Орусия дагы берген убадаларын аткарып жатышат. Кол койгон келишимге баш ийишүүдө, ошондуктан жыйынтыкка жетишүүдөбүз»,-деди.

Чавушоглу,Орус маданият коому тарабынан Антальянын Коньяалты районунда жеке менчик бир мектепте уюштурулган иш-чарада Антальяда жашаган орустар менен жолукту.

Орусия менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштардын барган сайын нормалдашканын баса белгилеген министр Чавушоглу, лидерлердин арасында жакшы достук бар экенин, эң акыркы жолу 10-март күнү Москвада биргелешкен кабинет жыйналышы өткөрүлгөнүн түшүндүрдү.

Мевлүт Чавушоглу, эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын жакшы болушунун аймактык маселелердин чечилишине да салым кошконун, Сирияда ок атышпоонун камсыздалышы, карапайым калкка жардамдардын жеткирилишине өбөлгө болгонун, бул темада Түркия жана Орусиянын биргелешип иштегенин айтты.

Чавушоглу аймактык маселелердин чечилиши үчүн кызматташтыкты күчтөндүрүүнү каалагандарын да кошумчалады.



Тектеш кабарлар