Түркия Лондондогу террордук кол салууну айыптайт

Президент Эрдоган, Лондондогу террордук кол салуу тууралуу социалдык медиа тармагы Твиттер эсебинен түрк жана англис тилдеринде билдирүүлөрүн бөлүштү.Ошондой эле Түркия өкмөтүнүн мүчөлөрү да террордук кол салууну айыпташты.

697330
Түркия Лондондогу террордук кол салууну айыптайт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Англиянын борбор шаары Лондондо болгон террордук кол салууну катуу айыптаганын жарыялады.

Президент Эрдоган, Лондондогу террордук кол салуу тууралуу социалдык медиа тармагы Твиттер эсебинен түрк жана англис тилдеринде билдирүүлөрүн бөлүштү.

Лондондогу террордук кол салууну катуу айыптаганын белгилеген Эрдоган: «Түркия катары, Улуу Британиянын кайгысын терең сезүүдөбүз жана тең бөлүшөбүз»,-деп жазды.

Президент Эрдоган айрыкча, «Бул жаман окуяда каза болгондордун жакындарына жана дос Улуу Британия калкына кайрат айтамын. Жаралуулардын тез сакайып кетишин тилеймин. Түркия, глобалдык тынчтык жана коопсуздукка чоң коркунуч туудурган террор менен күрөшүүдө дос жана шериктеш Улуу Британия менен колдошот»,-деп айтты.

Буга кошумча президент Эрдоган Лондондогу террордук кол салуунун себебинен Англиянын премьер-министри Тереза Мэйге көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөттү. Эрдоган билдирүүсүндө Түркиянын терроризм менен күрөшүүдө Улуу Британия менен ар дайым колдошууда болгонун айтты.

Премьер-министр Бинали Йылдырым да Лондондогу террордук кол салуунун себебинен Англиянын премьер-министри Тереза Мэйге көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөттү.

Йылдырым анда: «Лондондо жан алган жана көп сандаган кишини жаралаган мыкаачылык террор кол салууларына байланыштуу кайгыңызды тең бөлүшөбүз»,-деди.

Түрк өкмөтү жана элинин атынан көңүл айтуусун билдирген Бинали Йылдырым, жаралуулардын тез сакайып кетишин тиледи.

Йылдырым: «Бул кол салуу террордун ар түрдүүсүнө каршы күрөштө кызматташуунун чечкиндүүлүк менен жана таасирдүү түрдө уланталышы керектигин дагы бир жолу ортого салды»,-деп айтты.

Европа Биримдиги боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик, Англиянын борбор шаары Лондондо болгон террордук кол салуу тууралуу социалдык медиа эсебинен маалымат берди.

Кол салууну айыптаган министр Челик: «Англияда болгон террордук кол салууну айыптайбыз. Англинын ЕБи боюнча министри Алан Дунканга колдошуу тууралуу билдирүүмдү жөнөттүм. Террор уюмдарын айырмалабастан жапырт күрөш жүргүзүлүшү керек»,-деп айтты.

Лондондогу кол салууга наалат айткан адилет министри Бекир Боздаг да, террор, террордук уюмдар жана террористтер өлкөлөрдүн жана адамзаттын орток маселесине айланганын баса белгиледи.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да Лондондогу террордук кол салууну катуу айыптап: «Террордун ар түрдүүсүнө каршы болгон Түркия, Англияны жактайт»,-деди.

Тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндө билдирүү жарыяланып, Лондондогу террордук кол салуу айыпталды.

Анда: «Террор менен күрөшүүдө глобалдык кызматташтыктын мааниси дагы бир жолу баса белгиленип, террор жана зомбулук маданиятынан азыктанган аң-сезимдин ар түрдүүсүнө каршы эл аралык коомчулук жана шериктештерибиз менен колдошуубузду чечкиндүүлүк менен уланта турганыбызды кайталайбыз»,делди.



Тектеш кабарлар