Түрк оливка жана оливка майы Англияда абдан чоң кызыгууларды тартууда

Түрк оливка жана оливка майы Англияда өткөрүлгөн азык – түлүк жарманкеси IFE Лондон 2017ге катышты

697873
Түрк оливка жана оливка майы Англияда абдан чоң кызыгууларды тартууда

Эгей экспортчулар биримдигинен берилген маалыматка караганда оливка жана оливка майын таанытуу комитети Англияда эки жылда бир өткөрүлгөн жана өлкөдөгү эң чоң азык – түлүк жарманкеси болуу өзгөчөлүгүнө ээ болгон IFE Лондон 2017де стенд ачып, катышуучуларга түрк оливка жана оливка майынын даамын таттырды.

Маалыматта баа берүүсүнө орун берилген Оливка жана оливка майын таанытуу комитетинин төрагасы Мехмет Кадри Гүндеш түрк оливка жана оливка майынын Англияда абдан жактырылгандыгын белгиледи. Жалпы өлкөдөгү таанытуу группаларынын Түркия экспортчулар парламентинин негизинде Түркия Таанытуу Группасында бириктирилгендигин айткан Гүндеш Түркиядан Англияга 2015 – 2016 – жылдарда мурунку сезонго караганда 9 пайыздык артуу менен 3 миллион 858 миң долларлык оливка экспорттолгондугун белгиледи.

 



Тектеш кабарлар