Түркия Норвегияга каршылык көрсөттү

Түркия Норвегиянын мамилесин кабыл албайт

697004
Түркия Норвегияга каршылык көрсөттү

Вице-премьер Нуман Куртулмуш, бирөө аскердик атташеден турган 5 төңкөрүшчүнүн башпаанек талабын кабыл алган Норвегияга каршылык көрсөттү.

Куртулмуш Анадолу агенттигине берген маалыматында, Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин Норвегиядан башпаанек сураган бул кишилердин Түркияга өткөрүлүп берилишинин талап кылынгандыгын билдирди.

Нуман Куртулмуш: «Бул ачык айтканда, ФЕТӨ деген топтун артында туруп, колдогондугун түшүндүрөт. Муну кабыл албайбыз. Европа өлкөлөрүнө баш калкалаган жана балким алдыбыздагы мезгилде да баш калкалай турган ФЕТӨчүлөрдүн дароо Түркияга тапшырылып берилиши, Түркия менен бул өлкөлөрдүн ортосундагы достук алакаларынын талабы»,-деди.

Куртулмуш: «Норвегияда төңкөрүш аракети болсо, ал жердегилер Түркияга баш калкаласа кандай мамиле кылынышын кааласа ошондой мамиле жасалышын күтүп жатабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар