Мистуранын Түркия сапары

БУУнун Сирия атайын өкүлү Стеффан де Мистура Сирия тема болгон 5 - турдан мурда Түркияда дипломатиялык жолугушууларды өткөрөт

696130
Мистуранын Түркия сапары

БУУнун Сирия атайын өкүлү Стеффан де Мистура 23 -  матта Швейцариянын Женева шаарында баштала турган Сирия тема болгон 5 -  турдагы сүйлөшүүлөрдөн мурда Түркияда дипломатиялык жолугушууларды өткөрөт.

БУУнун Женева офисинин катчысы Алессандра Веллужжи күнүмдүк басма сөз жыйынында  Мистуранын 5 -  турдан мурда Сауд Аравиянын борбор шаары Рияддагы жолугушууларынан кийин Орусиянын борбор шаары Москва жана борбор шаар Анкарага сапар менен келерин айтты. Мистуранын эртең Москвага барышы, бейшемби күнү да Анкарага келиши күтүлүүдө.

Женева 4 -  сүйлөшүүлөрүнө катышкан бардык тараптардын 23 -  мартта баштала турган 5 -  турдагы сүйлөшүүлөргө да катышарын айткан Веллужжи сүйлөшүүлөрдө мурунку турда чыгарылган чечимдин негизинде өткөөл башкарууну, конституция даярдыгы, шайлоо жана террор менен күрөш темаларынын параллель түрдө колго алынарын айтты. Сирия тема болгон Женева 5 -  сүйлөшүүлөрүнүн 1 -  апрелге чейин улантылышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар