Түркия Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугун эскертти

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хүсейин Мүфтүоглу Иракка байланыштуу бир суроого жооп берди.

694944
Түркия Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугун эскертти

Түркия, Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугунун желегинин мамлекеттик имараттарда расмий күндөрдө Ирактын желеги менен бирге колдонулушу үчүн Керкүк облустук кеңешине Керкүк губернаторулугунун кайрылуу жасаганы өөн учураганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хүсейин Мүфтүоглу темага байланыштуу бир суроого жооп берди.

Хүсейин Мүфтүоглу жарыясында: «Ирактын конституциясы Ирактагы талаштуу ички администрациялык чектерге байланыштуу түрдө баш ийилиши керек болгон процессти белгилеген»,-деди.

Мүфтүоглу, процесстин иштетилбестен Керкүктүн статусуна байланыштуу кандайдыр бир план түзүлүшүнүн Ирактагы макулдашуу жана ырааттуулук аракетттерине зыян тийгизе турганын айтты.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы  Мүфтүоглу: «Мындай түрдөгү аракеттердин Ирактын социалдык, маданий жана экономикалык байлыгы орун алган Керкүктүн көп маданияттуу өздүгүн да зыянга учуратуу коркунучу бар»,-деди.



Тектеш кабарлар