Түркия - Өзбекстан карым - катнаштарына 25 жыл

Ташкенттеги Түркия элчилиги азем өткөрдү

693468
Түркия  - Өзбекстан карым - катнаштарына 25  жыл

Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык карым – катнаштардын курулушунун 25 -жылы Ташкенттеги Түркия элчилигинде өткөрүлгөн азем менен белгиленди.

Түркиянын Ташкенттеги элчиси Ахмет Башар Шен тарабынан уюштурулган аземге Өзбекстандын премьер – министри Абдулла Арипов жана өзбек жетекчилер катышты.

Түркия жана Өзбекстан гимндеринин аткарылышы менен башталган аземде сөзүн өзбекче сүйлөгөн элчи Шен Түркиянын Өзбекстандын көз карандысыздыгын тааныган биринчи өлкө экендигин белгиледи.

Шен : «Өзбек калкынын көз карандысыздыгына ээ болушу менен биз түрктөр ата мекен катары көргөн бул жерлерде бир тууган калктын желегинин кайрадан бийиктеши менен тарыхый барак жабылып, жарык бир мезгил башталды»,- деди.

Өзбекстандын премьер – министри Абдулла Арипов да аземде сүйлөгөн сөзүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин атынан Өзбекстан-Түркия ортосундагы дипломатиялык карым – катнаштардын 25 -жылы менен куттуктады.

Арипов Түркиянын Өзбекстандын көз карандысыздыгын 1991 -жылы тааныгандыгын, 1922 -жылы март айында дипломатиялык карым – катнаштардын курулушуна байланыштуу токтомго кол коюлгандыгын эске салды.

Аземге өзбекстандык жетекчилер, Ташкентте кызмат кылган чет элдик дипломатиялык миссиянын өкүлдөрү менен көп сандаган конок катышып, конокторго түрк ашканасынан даамдар тартууланды.

 



Тектеш кабарлар