Президенттик өкмөт системасын өлкөбүздүн жана улутубуздун келечеги үчүн каалайбыз

Президент Эрдоган Манисада өткөрүлгөн тобу менен ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

679727
Президенттик өкмөт системасын өлкөбүздүн жана улутубуздун келечеги үчүн каалайбыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өлүм жазасы талабынын парламенттен өткөн учурунда өзүнүн беките турганын белгилеп, керек болсо бул үчүн дагы улутка кайрылып референдум жолун ача ала тургандарын айтты.

Президент Эрдоган Манисада өткөрүлгөн тобу менен ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Президенттик өкмөт системасын жалгыз гана улут үчүн каалагандарын белгилеп, жалгыз киши башкарат деген сындоолорго каршылык көрсөттү.

Режеп Таййип Эрдоган: «Президенттик өкмөт системасын өлкөбүздүн жана улутубуздун келечеги үчүн каалайбыз. Бул үчүн күрөшүүдөбүз. Эгерде учурдагы система менен Түркиянын максатына жете ала турганына, мурдатан бери келе жаткан маселелерди чече ала турганына ишенсек, ишенип койгула конституциялык өзгөртүү темасында кымындай да кадам таштамак эмеспиз»,-деди.

«Түркиянын маселелеринин чечилиши, жеке кишилердин демилгелерине калбасын деп башкаруу системасын алмаштырып жатабыз»,-деген Президент: «Ырааттуулуктун жана коопсуздуктун кепилдиги тиги же бул киши эмес, системанын өзү болсун деп конституциялык өзгөртүү киргизип жатабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар